Бир сутка ичинде өлкө боюнча 31 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Бишкек – 15;
Ош шаары - 7;
Ош облусу - 6;
Баткен облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 2.
Ал эми бир суткада стационардан 11, үй карантининен 6 медкызматкер чыкканын республикалык штабдан кабарлашты.
Республика боюнча COVID-19 жана пневмониядан 5 миң 187 медицина кызматкери жабыркаса, алардын ичинен 4 миң 793ү сакайды.