Эртеңден баштап Ысык-Көл облусунан чыгууга тыюу салынат

4-майдан баштап Ысык-Көл облусунун тургундарына башка аймактарга барууга тыюу салынат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Мындай чечим бүгүн, 3-майда облустук ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынды. Ыкчам штабдын маалыматында, аймак тургундары жүйөлүү себептер менен башка региондорго барууга, райондук мамлекеттик администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялар тарабынан берилген өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде чыга алышат.

Кайра облус аймагына кирген учурда, жарандар милдеттүү түрдө экспресс-тест же ПЦР анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымдамасынын негизинде кирет жана 14 күндүк үй карантинине алынат. Бул шарт Ысык-Көл облусунун аймагына кире турган адамдардын бардыгына тиешелүү. Облустук ыкчам штаб бул шарттарды түшүнүү менен кабыл алып, өзгөчө кырдаал режиминин шарттарын сактоого чакырат",
- деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
tuku
2020-05-03 16:25:40
Бирок облус ичинде текшеруусуз журобу?
+1
bekbolotabdirasulov
2020-05-04 07:08:10
tuku,текшеришсе керек, мне себептен кайда баратасын деп, блок посттор орнотулганда!
0
jigit.paren
2020-05-03 18:39:35
Эң туура чечим көлдү ушинтип сактап калышыбыз керек.
+4
nargiz-sa
2020-05-03 21:00:12
Быйыл колдун сезону болбойт экен да
+1
Krai
2020-05-03 21:28:04
nargiz-sa, быйылкы жылы эс алуу, буюм,машина үй сатып алуу дегенди унутуп эле курсактын кайгайы кредиттердин төлөө менен эле кышка барат окшойбуз
+5
aiba_00
2020-05-03 23:01:30
Быйыл болуп корбогондой жай айлары ыссык болот деп журот интеретте,олдук го бышып, Бишкектегилер колго кире албай калсак.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан