Орусиянын Москва облусунда 12-майдан тарта медициналык бет кап тагынбагандарга айып салына баштайт. Бул тууралуу Москва облусунун өкмөтүнүн басма сөз кызматынан билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, полиция, МАИ жана башка укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар бул жаңы эреженин сакталышын көзөмөлдөп турушат. Алар медициналык бет кап кийүүгө кеңеш берип, антисептикалык каражаттарды колдонуп жүрүүнү түшүндүрүшөт. 12-майдан тарта медициналык бет кап тагынуу милдеттүү болот жана бет каптын жоктугу үчүн айып салына баштайт.
Облустун басма сөз кызматынан билдиргендей, Москванын административдик кодексине ылайык, эреже бузгандарга 4 миң рубль айып салынат.
Эскерте кетсек, Орусияда коронавирус инфекциясы аныкталгандар күн сайын күчөп жатат. 2-майга карата бул өлкөдө 124 миң 54 адамдан инфекция аныкталды. 1 миң 222 адам каза болсо, 15 миң 13 бейтап айыгып чыкты.