Бүгүн, 4-май күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жана юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жана медицина кызматкерлеринин айлыктары тууралуу маалымат беришүүдө.
"Екатеринбургдан келип, коронавирус аныкталып, 2-май күнү каза болгон жаран менен 157 адам бир каттамда келген. Алардын баарынан ПЦР-анализи алынган. Алгоритмге ылайык, 157 жаран экинчи ПЦР-анализин күтүп жатышат. Азырынча эч кимден коронавирус аныктала элек", - деп билдирди Акматова.
"17-апрелден баштап Кыргыз өлкөсүнө чартердик каттам уюштурулуп, чет өлкөлөрдөн 1 миң 117 жаран келген. Алардын баарынан ПЦР-анализ алынган. Каттамдардын баарынан 5 адамдан коронавирус аныкталган", - деп билдирди Акматова.
"Бүгүнкү күнгө чейин күч органдарынын 20 кызматкеринин коронавирус жуктурганы аныкталган. Алардын жарымы Бишкектеги клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып, ооруканадан чыгарылган. Дагы 10 кызматкер дарылоодон өтүүдө. Кечээ күнү дагы күч органдарынын 7 кызматкери коронавирус илдети менен катталып, Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникалык ооруканага жаткырылышты", - дейт Айнура Акматова.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы медицина кызматкерлеринин айлыктары тууралуу буйрукту башынан аягына чейин окуп чыкты.
Учурда Кыргыз өлкөсү боюнча обсервацияда 908 адам жатат.
Учурда бейтаптардын 13ү оор абалда ооруканада жатат.
Дагы 9 медицина кызматкери коронавирус жуктурду.
Бишкек шаарында - 6
Жалал-Абад шаарында - 2
Нарын облусунда - 1
Ак халатчандардын жалпы саны 216.
4-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясын жугузган 35 адам катталды:
Бишкек шаары - 26;
Чүй облусу - 2;
Нарын облусу - 1;
Жалал-Абад облусу - 5;
Баткен облусу - 1.
Республика боюнча: 830
Өлкөдө 11 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Бишкек шаары - 7
Нарын облусу - 4
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 575 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.