"Жашаган жерибиз жок, ачка калдык дегендери туура эмес". Орусиядан келе албай жаткан жарандар тууралуу элчилик үн катты

Буга чейин Орусиянын "Шереметьево" аэропортунда 80ге жакын Кыргыз жараны мекенине келе албай жатышканы тууралуу маалымдаганбыз. Аталган маселе боюнча SUPER.KG порталы Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги менен байланышып, жооп алды.

Мекеме жарандар тарабынан айтылып жаткан дооматтарды четке какты. Айтымында, аэропортто кармалган жарандар тамак-аш менен камсыз болгон жана мейманкана акысы төлөнгөн. Ага карабай жарандар өлкөбүзгө кетебиз деп элчиликти укпай, аэропортко кетип калып жатышат.

"Ооба, чыр салып жаткандар 29-мартта өлкөгө учпай калган Кыргыз жарандары. Алардын жашаган жерибиз жок, элчилик бизден кабар албады, ачка калдык деп айтып жаткандары туура эмес маалымат. Мына бүгүн эле алар жашап жаткан хостелинен аэропортко кетип калышты. Жалпы 50 киши, арасында кош бойлуу аялдар да бар. Тамак-ашы даяр, бардык шарттар түзүлгөн.

Биз болгон күчүбүздү жумшап, иштеп жатабыз, бирок жарандар укпай жатышат. Мисалы, медициналык каражаттар жана башка өздөрүнө тиешелүү нерселер менен камсыз болушкан. Кош бойлуу аялдар дагы аэропортко барышып, бирок буттары талып хостелге кайтып келишиптир", - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматынан Гүлбарчын Байымбетова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Adil18
2020-04-08 17:47:26
Урматтуу Гулбарчын Байымбетова чын эле тамак-аш менен камсыздап,мейманканаларга жайгаштырсаныздар,факт турундо качан,кайсы кундору жайгаштыргансыздар жана канча адамды?
Созду кобойтпой факт менен иш алып барсаныздар.
+11
Adil18
2020-04-08 18:00:04
Adil18,
Жалпы канча сом сарптадыныздар мигранттардын тамак-ашына,мейманкаларга?
+6
Stervashka
2020-04-08 18:26:23
Adil18,чын эле шарт тузуп беришкен экен. Бирок аэропортко баргандарга ошол жерде жаткан жакпай уйлоруно кеткиси келип атканын айтышыптыр.Кыргыз окулчулугу деле жакшы эле шарт тузуп берген. Бул бир гана Кыргыз эли учун эмес дуйнолук маселе болуп атпайбы. Кыргыз туугандар деле тушунуу менен кабыл алышса. Кыргыздар эч качан тушунгусу келбейт озу. Бир нерсе болсо эле бийликтегилерге асылат Сабырлуу болгула Кыргыз элим!
+6
KAPTA
2020-04-08 17:56:16
Булардын кимине ишеништи деле билбейсин.
Качан караба, мекендештерибиз арызданганы арызданган. Демек, чындык карапайым миграттарда окшойт. Кабыл албай койду, жооп бербей койду, кууп чыкты, орусча сүйлөдү, сөгүп берди, жардам бербеди, каяка барсаң ошол жака бар деди, билген намазыңы оку деди, ишенгениңи чакырып кел деди, кимге ишенип жатасың деди, деди, деди, деди, деди.......нааразы. Иштерин так аткарбаса анан кантсин, байкуш жердештерибиз. Чындык чыркырап эле эл арасында жүрөт. Бирөө көч
+7
KAPTA
2020-04-08 18:00:16
Бирөөсү көчүгүн көтөрүп жардамга умтулушпайт.

Анан эле ушундай кырдаалда сүттөн ааапппаааппаккаааай болуп эле чыга келишет. Кир жугузбай өздөрүнө.

Аэропорт жабылганын билдиңер, улуу урматтуу мекендештер. Квартираңарда эле калып турсаңар болмок. Аэропортко барсаңар эле орустун чоңу силерди учуруп салмак беле. Барагой, кагылайын үйүң жок калдың деп.
Арканды узуууун таштап иш кылгалачы, алтындарым...
+12
Bars88
2020-04-08 18:06:57
Элчилик качан эле иштечуу эле.Посредниктин бардыгы ошо элчиликте пайдасы жок элчиликти жаап салса деле болот эле
+9
keku00
2020-04-08 18:28:17
Бизде тышкы иштер министрлиги вообще иштешпейт. Россияда тем более..элге кызмат кылбай тапкан тамак ашынар харам, тешип чыгат!
+5
aslonur
2020-04-08 18:41:55
ХХХХ кыйраткансып (жалган) деп коет
+1
chake
2020-04-08 19:47:35
Мынчалык чектен ашкан ач көздүктү да чеги болот го
-1
fak
2020-04-08 20:18:01
Москвадагы элчилик эч качан норма иштеген эмес
+2
Muslim.azamatovich
2020-04-09 07:49:20
Биздин бийликтегилер оздорун актап,шумдук калп иш алып барганды жакшы билишетда!
0
Mintip-menu-suybo
2020-04-09 09:14:53
Алар аттарын минип алып эс алып журушсо , силерди ойломок беле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан