Чаткал ооруканасынын башкы дарыгеринен коронавирус аныкталды

Бүгүн, 5-майга карата Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 7 адам коронавирус жуктурган. Коронавирус илдети менен алышып жаткандардын арасында Чаткал жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башкы дарыгери бар. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Чаткал районунун акиминин орун басары Асел Чынасова тастыктады.

"Чаткалда жалпы 7 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын арасында Чаткал жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башкы дарыгери да бар. Анын ПЦР-анализинен коронавирус бар экендиги аныкталып, учурда изолятордо дарыланып жатат. Андан тышкары 120 адамдын ПЦР-анализин текшерүүгө жөнөткөнбүз. Азыркы күндө алардын жообун күтүп жатабыз", - дейт акимдин орун басары.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан