Орусиянын борбору Москва шаарында 93 жаштагы бейтап коронавирус инфекциясынан толук айыгып чыкты. Бул тууралуу Александр Вишневский атындагы Улуттук медициналык изилдөө борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы, профессор Александр Грицкевич билдирген.
"Инфекция жуктурган адам картайганына жана өнөкөт ооруларына карабастан, коркунучтуу коронавируска каршы күрөштө тырышчаактыкты жана туруктуулукту көрсөттү. Ошентип, биз бул вирусту чогуу жеңе алдык", - деп билдирген профессор.
93 жаштагы аял киши ооруканага 22-апрелде баш оору, алсыроо, ысытма сыяктуу оорулардын негизинде жаткырылган. Анын абалы оор деп бааланган. Мурда анын жамбаш сөөгү сынгандыктан кыймыл-аракети чектелүү болгон. Дарыгердин айтымында, экспертизадан кийин андан коронавирус инфекциясы аныкталган.
Учурда Москва шаарында абал оор бойдон калууда. Орусияда жалпы 165 миң 929 адамдан вирус аныкталса, анын ичинен жарымынан көбү, тагыраагы, 85 миң 973 адам борбор шаарда катталды.