Орусиянын Соль-Илецк шаарынан чыккан 541 Кыргыз жараны 7-май күнү мекенине алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымат таратышты.
"Иш-чара Казакстан тарабы менен Орусия-Казакстан чек арасына жакын тилкеде Казакстан Республикасынын аймагында өзгөчө абал режиминин аякташын көптөн бери күтүп турган Кыргыз Республикасынын жарандарын гуманитардык алып кетүү тууралуу жетишилген макулдашуулардын алкагында жүзөгө ашырылды.
Белгилей кетсек, оор эпидемиологиялык абалдын жана Казакстандын бийлиги кабыл алган катаал чектөөчү чаралардын кесепетинен, биздин жарандардын Казакстандын аймагында жеке унаасы менен транзиттик түрдө өтүп кетүү мүмкүн болбой келген.
Мындай учурда жол полициясынын коштоосунда бир колонна менен жүргөн атайын жүргүнчүлүк унаа үчүн транзиттик коридор көрсөтүлдү. Бул ден соолук үчүн коопсуз шарттарда башында айтылган жарандардын көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде аялдар жана балдарды Кыргыз өлкөсүнө алып чыгып кетүүгө өбөлгө түздү.
Бардык келген жарандар бекитилген медициналык процедуралардан өтүүгө обсервацияга жайгаштырылат.
Чет өлкөлөрдө калган жарандарыбызды өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен мекенине кайтаруу жолдорун издөө боюнча Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруу иши улантылып жатат", - деп жазылат маалыматта.