Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйын берүүдө.
"Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлери жумуштан кеткен учурлар болду беле?" деген суроо берилди.
"Андай учур болгон эмес. Коронавирустан айыгып, жумуштарын аткарып жатышат", - дейт министрдин орун басары.
Бир суткада 2 миңге жакын изилдөө жүргүзүлө турганы айтылды. Кыргыз өлкөсүндө 9 лабораторияда 14 аппарат COVID-19 вирусун изилдөө жасайт.
"Коронавирус жуктуруп алган балдардын абалы кандай?" деген суроо берилди.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары бардык балдар дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин билдирди. Анын айтымында, балдардын арасында оор абалдагылар жок.
Министрдин орун басарына "Депутат, министрлердин арасында коронавирус жуктуруп алгандар барбы?" деген суроо берилди.
Нурболот Үсөнбаев депутат, министрлердин арасында коронавирус жуктуруп алгандар жок экенин айтты.
Үсөнбаев: "Коронавирус жуктуруп алган прокурор дарыланып жатат. Абалы канааттандырарлык", - дейт.
"РСК банктын" эки кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бирөөсү Бишкек шаарында жуктуруп алган, ал учурда айыгып, ооруканадан чыгып кетти. Экинчиси Чаткал районундагы банктын кызматкери ооруп калганы аныкталган. Бүгүнкү күндө ооруканада жатат", - дейт ал.
Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, СИЗО-1де 1 кызматкерден коронавирус аныкталды. Азыркы учурда иликтөөлөр жүрүп жатканын билдирди.
"Дары-дармектерди камсыздоо жана медициналык техника департаментинде коронавирус инфекциясын 5 адам жуктурган. Алардын бардыгы өз ара байланышкандар. Оору алардын арасындагы бир кызматкерден жуккан. Бардык кызматкерлер көзөмөлдө, дезинфекциялык иш-чаралар өткөрүлдү", - дейт ал.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды.
Бишкек шаарында – 1;
Жалал-Абад облусунда – 1.
Жалпысынан 226 медицина кызматкери коронавирус менен жабыркады. Алардын ичинен 163 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Өткөн суткада 11 адамдан коронавирус аныкталды. Алар:
Бишкек шаарында - 5;
Чуй облусунда - 3;
Жалал-Абад облусунда - 3.
Өлкө боюнча жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны 906.
Бир сутка ичинде 13 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.
Бишкек шаарында - 6;
Ош шаарында - 6;
Нарын облусунда - 1.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 650 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.