Тбилиси Киевдеги элчисин Михаил Саакашвили кызматка дайындалышы менен чакыртты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Грузияда соттолуп жана издөөдө жүргөн адамды стратегиялык өнөктөштөр тарабынан кызматка дайындалышы Украинадагы элчи Теймураз Шарашенидзени консультация үчүн чакыртып алууга себеп болду", - деп жазылат маалыматта.
Украина менен болгон дипломатиялык байланыштарды жана стратегиялык өнөктөштүктү үзүү тууралуу суроолор каралбай тургандыгы белгиленген.
Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили Украинанын Реформа боюнча улуттук кеңештин аткаруу комитетинин башчысы болуп дайындалган.