Саламаттыкты сактоо министрлиги: "СИЗО-1 абагындагы медицина кызматкери кайдан коронавирус жуктурганы аныктала элек" (видео, хронология)

Бүгүн, 9-май күнү саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча брифинг өткөрдү.

2020-05-09 13:45:00

Суроо: №3 жана №17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун кызматкерлери кайсы обсервацияда жатышат. Арасында сакайып чыккандар барбы?

Жооп: Алар азыр үй карантининде. №17 үй-бүлөлүк медицина борборунда 8 кызматкерден коронавирус аныкталган. Алардын баары дарыланып, үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда 15 кызматкер вирус жуктурган. Анын 3өө айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ооруканада 11 кызматкер дарыланууда жана тилекке каршы, бирөөсү каза болду.

2020-05-09 13:43:00

Суроо: СИЗО-1 абагындагы медицина кызматкери коронавирусту кайдан жуктурган жана аны менен канча адам байланышта болгон?

Жооп:  Ал окуя боюнча учурда эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлүп жатат, кайдан жугузганы так аныктала элек. Медицина кызматкери менен байланышкан 10 адам аныкталды. Андан тышкары үйүндө 3 адам болгон. Байланышта болгондордун баарына текшерүү жүргүзүлдү. 

2020-05-09 13:38:00

Суроо: 2-апрелде Ноокат райондук ооруканасында 61 жаштагы жаран каза болгону маалым. Анын ПЦР-анализинен коронавирус инфекциясы аныкталганы жана ага экспертиза жүргүзүлөрү, экспертизанын жыйынтыгында маркум эмне себептен каза болгону айтылат деп министр билдирген эле. Анын себеби аныкталдыбы?

Жооп: Алгоритмге ылайык, өлүктү кайра союп, экспертиза жүргүзүлгөн. Андан коронавирустан тышкары өнөкөт оорулары болгону аныкталган. Дарылоо жүргүзүлгөнү менен өнөкөт ооруларын вирус козгоп, ошондон бейтап көз жумган. Анын жүрөгүндө, дем алуу органдарында маселе болуп, 2-баскычтагы кант диабети, өнөкөт В гепатити бар экендиги аныкталган.

2020-05-09 13:35:00

Нурболот Үсөнбаев алгач статистика боюнча маалымат берип өтүп, андан соң суроолорго кезек берилди.

"11-майда коомдук транспорттун жүрүп башташы коом үчүн коркунучтуу эмеспи? Эгер коронавирус инфекциясы көп катталып баштаса, ага шарт түзүлгөнбү? Бейтаптар жаткырылчу жай жетиштүүбү?" деген суроо узатылды. Ага Үсөнбаев: "Коомдук транспорт менен жүрүп баштаганга санитардык талаптар, эрежелер иштелип чыккан. Айдоочулар да көзөмөлдө болот. Такси кызматы, транспортторго адамдардын кирүүсүнө чектөөлөр болот. Ал эми коронавирус жуктургандар көбөйүп баштаса, аларга керектүү шарттар каралган", - деп жооп берди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан