Казакстандын Нур-Султан шаарында коронавирустан айыкканына 2 күн болгон келин дени сак ымыркай төрөдү. Бул тууралуу жазган казак басылмаларынын маалыматына ылайык, энеден да, баладан дагы алынган тесттин жыйынтыгы таза деп чыккан.
"Кош бойлуу келиндин дарылануудан кийин коронавируска тапшырган тестинин жыйынтыгы таза чыкканы менен наристе энесинин курсагында жатканда бул илдетти жуктуруп алуу тобокелчилиги бар эле. Дарыгерлер бир эмес эки адамдын өмүрү үчүн күрөшүштү. Жыйынтыгында ымыркай дени сак болуп төрөлдү. Учурда эне, баланын абалы жакшы", - деп айтылат маалыматта.
Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны жалпы 4 миң 975ке жетип, анын 1 миң 766сы илдеттен арылды. 31 адам каза болду.