Орусияда сутка ичинде коронавирустан 300гө чукул адам каза болду

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 19 миң 404 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 292 адам каза болсо, 12 миң 238 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 5255 (айыккандар 3670);

Санкт-Петербург - 1093 (айыккандар 523);

Москва облусу - 588 (айыккандар 420);

Нижегород облусу- 422 (айыккандар 223) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 712 миң 858 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 29 миң 509 адам каза болсо, 1 миллион 279 миң 169 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан