Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун бүгүнкү брифингдеги айткан керектүү маалыматтар топтому

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун бүгүнкү брифингдеги айткан керектүү маалыматтар топтому.

Өкмөт тарабынан 11-майдан баштап уруксат берилген ишкердик түрлөрүнүн тизмеси бекитилди.

Бишкектин аймагындагы бардык субъекттер санитардык эрежелерди (бет кап тагынуу, колдорду дезинфекциялоо, коомдук жайларда 2 метрден кем эмес аралыкты кармоо) так сактоосу зарыл.

Шаардын кире бериш жайларында 16 көзөмөл-санитардык пункт орнотулду. Посттордо калаага кирип жаткан адамдардын дене табы текшерилет, коронавирус жана ОРВИге шектенүү болгон учурда медкызматкерлер обсервацияга жөнөтүүгө же экспресс, ПЦР-тест алууга укуктуу.

Шаар ичинде уруксат берилген ишмердүүлүк боюнча жүрүү үчүн жарандар жанында аты-жөнүн тастыктаган документ, жашаган жеринен маалым кат, салык органдарында тастыкталган иш ордунан маалым кат алып жүрүүгө тийиш. Ишкерлерге патент менен жүрүүгө уруксат берилет.

Салык кызматтары маалымкаттарды тастыктоодо салыктык же башка милдеттенмелерди төлөө боюнча маалыматтарды талап кылууга укуктуу.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, дарыгерлерге, ИИМ кызматкерлерине, атайын кызматтарга, ӨКМ кызматтарына, ММК, шаардын тиричилигин камсыздоого ишке тартылган коммуналдык жана энергетика кызматтарына тоскоолдуксуз жылып жүрүүгө уруксат берилет (жанында күбөлүгү же иш ордунан тастыкталган маалымкат болушу керек).

Менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жетекчилери ар бир кызматкер үчүн маалымкат жазып бериши жана аларды салык органына ырастатуусу зарыл.

Иштебеген адамдар туугандарына, жакындарына, дүкөнгө жана салондорго баруу үчүн кол менен толтурулган маршруттук баракчасы болгон учурда шаар ичинде жүрүүгө уруксат берилет.

Бишкек шаарында 98 очок бар, Бишкекте ооруну жуктургандардын саны – 272, башка жактан келгендер – 37, медкызматкерлер – 79, ИИМ кызматкерлери – 36, жергиликтүү калк ичиндеги катталгандар – 235.

Вирустун симптомдору байкалса, 118 номерине телефон аркылуу кайрылууну суранабыз. Шаарда медиктердин жана санитардык дарыгерлердин 40 мобилдик тобу иштейт. Алар чакыруу боюнча барып, анализ алышат.

Жардам көрсөтүү боюнча тизмелер жер-жерлерде комиссиянын чечими боюнча МАБга түзүлөт жана райондук администрация тарабынан бекитилет.

Жалпысынан 10-майга карата 93 миң азык-түлүк топтомдору же 250 миң жаранга жардам көрсөтүлдү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Elstoma
2020-05-11 16:23:59
Байкайсынар да эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан