Бүгүн, 14-майда Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан Бишкекке 59 Кыргыз жараны кайтты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Кыргыз жарандары "Condor Airlines" германиялык авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен учуп келишти.
"Бул каттам "Sea Chefs" круиздик лайнеринде иштеген 48 Кыргыз Республикасынын жаранын, ошондой эле буга чейин авиабилет сатып алган Германиядагы 11 Кыргыз жаранын мекенине кайтаруу максатында "TUI CRUISES" компаниясы тарабынан уюштурулган. Азыркы учурда бардык келген жарандар бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө жайгаштырылды.
Дүйнө жүзүндө COVID-19 пандемиясынан улам жүргүнчү ташыган эл аралык авиабилдирүүнүн токтотулушуна байланыштуу, чет мамлекеттердеги мекендештерди кайтаруу боюнча президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн иш улантылууда", - деп жазылат маалыматта.