Табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча берилген тапшырмаларды өз убагында аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров министрликтин түзүмдүк, аймактык башкармалыктарынын жетекчиликтеринин катышуусунда кезектеги аппараттык кеңешмесинде айтты.
“Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарын кыдырып чыктым, алдын алуу багытындагы жумуштарды өз убагында аткарбасак, кайрадан сел жүрсө, калкыбызга материалдык чыгымдарды алып келиши мүмкүн. Буга чейин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча берилген тапшырмаларды өз убагында аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт. Чоң-Алай районунда алдын алуу иштеринин кечиктирилип жаткандыгын жеринен көрдүк. Мага эч кандай шылтоонун кереги жок, иштин жыйынтыгын айткыла”, - деди министр.
Ошону менен бирге коронавирус илдетинине каршы жумуштарына багытталган акча каражаттарынын максаттуу пайдаланууну, иш-чараларга тартылган өздүк курамдын жеке коопсуздугуна өзгөчө көңүл бөлүү, өзгөчө кырдаал режиминде жогорку деңгээлде иш алып барууну жетекчилерге эскертти.