Бардык кеңселер, жумуш орундары жабык болот. Түркияда кайрадан карантин чаралары киргизилет

Түркияда 29-апрелден 17-майга чейин толук карантин чаралары киргизилет. Бул тууралуу президент Режеп Тайип Эрдоган министрлер жыйынында айтканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, аталган өлкөдө коронавирус илдети жайылап жаткандыктан толук карантин чараларын киргизүү чечими кабыл алынган.

"29-апрелде саат 19:00дөн баштап 5:00гө чейин толук карантин чаралары киргизилет. Бардык кеңселер, жумуш орундары (ИИМдин кеңсесинен башка) жабык болот. Шаарлар аралык транспорттор уруксаттын негизинде гана каттам жүргүзө алат. Коомдук транспорттор 50 пайыздык жүктөмдө гана иштейт", - деп айткан Режеп Тайип Эрдоган.

Карантинде мектепте жана бала бакчаларда окуу болбойт. Калган Жогорку окуу жайлар дистанциялык окуу форматына өткөрүлөт. Коменданттык саат кечинде жана түндө сакталат. Түркияда катуу карантин чаралары Орозо бүткөнгө чейин уланмакчы.

Түркияда коронавирус илдети 2020-жылы 10-мартта катталган. Анда илдет Европадан келген жергиликтүү тургундан аныкталган. Акыркы маалыматтар боюнча, аталган өлкөдөгү жалпы 4 миллион 446 миң адамга коронавирус диагнозу коюлган. Алардын арасынан 36 миң 975 бейтап каза болгон. 4 миллион чукул адам илдеттен сакайды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Belek1710
2021-04-27 11:30:56
Бечара артист кызыбыз кантип эс алып жатты экен курбулары менен!
+3
ErkinOkenovich
2021-04-27 11:37:08
Карантиндин айынан биз дагы баралбай калдык.эртерээк ушул оорудан кутулсак болот эле.guzal adam bu Erdogan ii çalyşior.
-6
zhazgul98
2021-04-27 12:25:37
Окумуштуулар COVID-19дан аман калгандардын психологиялык көйгөйлөрү жөнүндө эскертишет. COVID-19 менен ооруган бейтаптардын кыйла бөлүгү нервдик-психикалык бузулууларга дуушар болушат.
0
futboler
2021-04-27 12:38:47
zhazgul98,сага ден соолук каалайм, кудай сактасын сен COVID-19 менен ооруй көрбө. Антпесе, super.kg сайтында башкалардын комментарийлерине орун калбай калмак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан