Чек аралар жабылгандан тартып 9 миңден ашуун Кыргыз жараны аба каттамдары, транспорт каттамдары аркылуу өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков онлайн жыйында айтты.
"Бүгүнкү күндө чет өлкөдө жүргөн мекендештерибизди алып келүү иштери улантылууда. Аларды мекенге алып келүү иштерине өнөктөш өлкөлөр көмөк көрсөтүүдө. Жалпысынан дүйнөнүн 58 мамлекетинде жүргөн жарандардан кайрылуулар келип түшкөн. Бүгүнкү күнгө карата 9 миң 196 Кыргыз жарандарын алып келүүгө мүмкүн болду. Биздин максат - жарандарыбызды аман-эсен алып келүү", - деди министр.