Кыргыз өлкөсүндө кайсы район жана шаарлар коронавирустан таза? Тизме

Чүй облусу боюнча 8 район жана Бишкек (административдик борбор), Токмок шаары.
Райондор: Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй жана Ысык-Ата. Анын ичинен Панфилов району таза бойдон.

Ош облусу боюнча Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондору жана Ош шаары (административдик борбор) бар. Бүгүнкү күндө Араван, Кара-Кулжа райондорунда ооругандар жок.

Жалал-Абад облусунда 7 шаар жана 8 район бар.
Шаарлар: Жалал-Абад, Кара-Көл, Көк-Жаңгак, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата, Кербен. Анын ичинен Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр жана Кочкор-Ата шаарларында бүгүнкү күндө вирус менен ооругандар жок.
Райондор: Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал . Анын ичинен Базар-Коргон, Ноокен жана Токтогул таза.

Нарын облусунда 5 район жана 1 шаар (Нарын) бар.
Райондор: Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын. Анын ичинен Ак-Талаа жана Нарын райондору таза бойдон.

Ысык-Көл облусу боюнча 5 район жана 2 шаар (Каракол, Балыкчы) бар.
Райондор: Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп, Ысык-Көл. Анын ичинен Тоң жана Ысык-Көл райондорунда бүгүнкү күндө коронавируска кабылгандар жок.

Баткен облусунда 3 район жана 6 шаар бар.
Райондор: Баткен, Кадамжай, Лейлек. Үч райондо тең ооругандар катталган.

Шаарлар: Айдаркен, Баткен, Исфана, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Сүлүктү. Бүгүнкү күндө Кызыл-Кыя шаарынан башка шаарларда ооругандар жок.

Талас облусу боюнча 4 район жана 1 шаар (Талас) бар.

Райондор: Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас. Бүгүнкү күндө бул аймактар таза бойдон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Janym_ata_enem
2020-05-13 13:35:23
Чуй облусу боюнча 430эмес 374экен
0
Nur777
2020-05-13 14:41:47
Чолпон-Ата шаары шаарга кирбейби?
+3
Bars88
2020-05-13 15:10:01
Каракулжада жок болсо анда бардык жерде жок.Жок эле оорудан бизнес кылып атышат
+2
Bak.taalai
2020-05-13 17:23:23
Bars88,Ушу жок деген доопоросторго жукпайбы бейкуноо наристелерге жуккуча олуп кете берген адамдарга жуккуча
-1
001KG
2020-05-14 04:44:22
Nur777 Чолпон ата Ысык-көл районунун борбору болуш керекко, анан ал жердеги элдин саны шаардык статустагы стандартка жете элек окшойт, ошого шаардын статусу жок экен.
0
Farra16gsin
2020-05-13 19:16:24
Менин районум Аллага шүгүр таза бойдон экен аягына чейин турабыз согуштагы 28 Панфиловчудай урматтуу Панфилов районунун тургундары
-1
Paprikafm
2020-05-13 22:28:22
Чон алайда вообще жок ким айтты
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан