Кытайда акыркы бир сутка ичинде бир адамдан коронавирус аныкталды

Коронавирус инфекциясынын очогу болгон Кытайда акыркы бир сутка ичинде бир адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Кытайдын саламаттыкты сактоо комиссиясы билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, коронавирус аныкталган жаран чет өлкөдөн келген. Ал эми сутка ичинде коркунучтуу инфекциядан каза болгондор катталган эмес.

Бул көрсөткүч менен коңшу өлкөдө жалпы 84 миң 161 адамдан инфекция аныкталды. 4 миң 638 адам каза болсо, 79 миң 400 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан