Кытайда коронавирус жуктуруп албайын деп маска тагынып чуркаган жаран өпкөсүн жабыркатып алган

Кытайдын Ухан шаарында бет кап тагынып чуркаган жарандын абалы начарлап ооруканага түшкөн. Дарыгерлердин кароосунан кийин тез аранын ичинде анын өпкөсүнө операция жасалган. Дарыгерлер бейтаптын абалынын начарлашына бет кап себеп болушу мүмкүн экенин айтышкан.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, бейтап коронавирусту жуктуруп албоо максатында бет кап тагынып чуркаган. Анын кесепетинен 26 жаштагы жарандын өпкөсү 90 пайызга кысылып, жүрөгү дененин оң тарабына жылып кеткен. Ага пневмоторакс диагнозу коюлган. Бул илдет аба өпкөнүн сыртына чыкканда пайда болот.

Бейтап 2 аптадан бери чуркап жүргөн. Абалы начарлаганда аны жакындары ооруканага алып келишкен деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aika1988
2020-05-13 21:58:38
Олду го Эми беткап себепчи деп оорусуна тан калыштуу жанылык коп чет жактарда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан