Бүгүн, 7-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров райондогу абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.
Акимге "Бишкекке кандай шарттар менен чыгарып жатасыздар?" деген суроо берилди.
Ал билдиргендей, 1-майдан баштап айрым тармактарга иштөөгө уруксат берилди. "Карантинге чейин Бишкек шаарынан келген жарандардын жумуштары башталды. Буга байланыштуу жумуштан чакыртуу кагаздары келүүдө. Чакыртуунун негизинде айыл өкмөттөр жаранды тизмеден такташат. Андан кийин медицина кызматкерлери ал коронавирус менен ооругандар менен байланышта болгон эмеспи деп тизмеден тактап беришет. Мындан соң Ички иштер министрлигинен уруксат алып, анан Бишкек шаарына жиберилет", - дейт ал.