Орусияда коронавирустан каза болгон Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын 50 жаштагы тургуну туулган жерине алып келинип, сөөгү жерге берилди. Бул маалыматты Ала-Бука райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучусу Баян Мамбетова тастыктады.
"Орусиядан келген "жүк 200" 10-май күнү Таластын Чоң-Капка көзөмөл-өткөрмө жайынан өткөн. Ал жактан сөөктү коштоп келген 3 адамдан (келинчеги, иниси, кызы) экспресс-тест, ПЦР-анализ алышкан, жыйынтыгы таза чыккан. 11-май күнү алар Ала-Букага келишти. Райондук коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү штабынын мүчөлөрү: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, райондук ички иштер башкармалыгы, улуттук коопсуздук кызматы, акимдин орун басары, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун координатору, айылдын имамы болуп баарыбыз жүктү районго кирген посттон атайын унаа менен тосуп алдык.
Сөөктү коштоп келгендер дароо Ак-Коргон айылындагы обсервацияга 14 күнгө жаткырылышты. Ал эми сөөк өлүкканага алып келинип, кремацияланган боюнча сыртындагы табытты гана алып, өрттөп салышты. Көрдү алдын ала дезинфекциялап, атайын коргоочу форма кийген кызматкерлер санитардык эпидемияга каршы иш-чаралардын талаптарына ылайык көмүштү. Жүк келген унаа толугу менен дезинфекцияланды. Маркумдун атасына, жакындарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аксакал да абалды туура кабыл алып, "мындай шартта мен деле элдин жоопкерчилигин алышым керек", - деди.
Биз негизи сырттан келген сөөктөрдү коронавирус инфекциясы деген кагазы барбы-жокпу, (айрым учурда документтери жок келип калат, айрымдарынын жакындары таза болчу деп жатышат) ага карабай санитардык-эпидемиологиялык норманы сактап, алгоритм, буйруктардын негизинде көмүп жатабыз", - дейт Мамбетова.
Баян Мамбетова коронавирус катталгандан бери Орусиядан экинчи ирет "жүк 200" келгендигин кошумчалады.