Бүгүн, 29-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Ниязалиев чет элде калган жана мекенине кайтып келген Кыргыз жарандары тууралуу маалымат берүүдө.
Өз сөзүндө Нурлан Ниязалиев министрлик чет элдик өнөктөштөрү менен жардам көрсөтүү тууралуу ар кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жана жардамдар келип жатканын билдирди.
"Коңшу Казакстан жардам катары 50 миң тонна ун жибере тургандыгын маалымдады. Бүгүн, эртең темир жол аркылуу биринчи вагондор Бишкек шаарына келет. Ал эми калгандары өлкөнүн түштүк жергесине жиберилет", - деди Ниязалиев.
Муну менен катар эл аралык банктардан жана бир нече мамлекеттерден жардам күтүлүп жатат.