Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айыл аймагында жашаган Бактыгүл Жаныбек кызы аттуу жалгыз бой эне SUPER.KG порталына кайрылып, аргасыз абалга туш келгенин билдирди. Айтымында, карантин учурунда күйөөсү 4 баласы менен кошо таштап кеткен. Учурда ал бешинчи баласын күтүп жатат.
"Мен сиздерге кайрылып жатканымдын себеби, учурда балдарым менен оор кырдаалга туш болдук. Балдарымдын улуусу 10 жашта. Кийинкилери 9, 5, 3 жашта. Эки балам биринчи никемден. Ал жолдошум каза болуп калган. Кийин дагы турмуш курдум. Балдарыма жакшы мамиле жасап, турмушту түшүнгөн адам көрүнгөн. Бирок убакыттын өтүшү менен андай эмес экенин түшүндүм. Жолдошум кош бойлуу экениме карабай, 2 ай мурун бизден кетип калды. Карантинде анын чыныгы жүзү ачылды десем болот, анткени мурда мен иштеп жүргөндө унчукпай эле жашап жүрчү. Кыйынчылык башталганда үй-бүлөсүн багуунун ордуна кааласа үйгө келип, каалабаса келбей жүрдү. Келгенде мага жана балдарга орой мамиле жасап жатты. Өзүм интернатта өскөм, кайын журтум башынан эле тоготпойт. Күйөөм, балким, ойлонуп келип калар, балдарын кантип ушундай кыйынчылыкта таштап кетмек эле деп күттүм, бирок эми келбешине көзүм жетти. Өзүбүз батирде турабыз. Анын акчасын 2-3 айдан бери төлөй элекмин, батирге 6 миң сом карыз болдум. Батир ээси менин абалымды көрүп, жакшы эле унчукпай жүрдү. Бирок анын деле жашоосу бар да. Мен тез арада батир акысын төлөшүм керек же чыгышым керек.
Карантинге чейин иштечүмүн. Жумуш болсо эч кимге кайрылбай эле оокатымды жасап кетмекмин. Бирок азыркы кырдаалда чын эле арга таппай калат экенсиң. Мындай учурда жашоого нааразы болгон күндөр болот. Кудай сыноонун баарын мага берип койгондой сезиле берет.
Өз апам бар, бирок ал бизди кичине кезибизде эле таштап кеткен. Атабыз ичип, күн көрсөтпөй жүрүп, акыры баарына кол шилтеп кетип калган экен. Мен ага барып жолугуп келдим. Мен андан акча же жардам сурап барган эмесмин, энелик мээрим издеп баргам. Бирок чоочун адамдай мамиле жасады, бир чети өз үй-бүлөсү бар экен. Жашоосун татаалдатпай эле коёюн деп ал жактан кеттим.
Жашоодо ар кандай нерселер болот экен. Менин кичинекей балдар менен кыйналганымды көрүп "балдарды бизге бер" дегендер да чыкты. Мындай сөздү эч бир эне укпасын. Аябай оор тийди. Ошондон баштап балдарымдын келечеги үчүн, жаркын жашоосу үчүн күрөшөм, мен көргөн кордукту көрбөсүн деп жашап келем. Келечекте балдарымдын билим алып, көз карандысыз инсан болушун каалайм.
Жумуш жок, кандай айла кыларды билбей, күнүм санаа менен өтүүдө. Ичимдеги балам дагы кыймылдап калды. Дагы жакшы кайрымдуу адамдар азык-түлүк жактан жардам берип жатышат. Аларга ыраазымын. Учурда мен акча каражат жактан абдан кыйналып жатам. Эч кимге кайрылбай жөлөк пулга документ тапшырайын десем, ага дагы акча керек экен", - деп сөзүн аяктады жалгыз бой эне.
Бактыгүл Жаныбек кызына жардам берүүнү каалагандар 0776178992 номуруна байланышса болот.