Баткен облусунда 29 миңге жакын үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өлкөдө кооптуу илдеттин алгачкы учурлары катталып, өзгөчө кырдаал жарыяланган күндөн тарта аз камсыз болгон жана убактылуу жумушсуз калган, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жакындан көңүл бурулуп, жардамдар берилип жатат.
2020-жылдын 11-майына чейин облус боюнча 28 миң 979 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлгөн.
"Жардамдар негизинен азык-түлүк иретинде берилип, анын курамын 1358,4 тонна ун, 44 миң 218 килограмм макарон, 55 миң 569 литр өсүмдүк майы, 29 миң 957 килограмм күрүч, 224 миң 12 килограмм кумшекер, 1 миң 493 килограмм эт, 5 миң 792 килограмм картошка түздү.
Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6,5 тонна хлор, 935 миң 77 даана бет кап, 1 миң 885 литр антисептикалык каражат, 1 миң 967 даана коргоо костюмдары, 12 миң 276 даана кол кап берилди.
Мындан сырткары берилген финансылык жардамдардын көлөмү 7 миллион 570 миң сомду түздү.
Жардамдар мамлекет тарабынан, материалдык резервдер фонду тарабынан, ошондой эле коомдук фонддор, кайрымдуулук уюмдар, жеке ишкерлер жана башка тараптан берилди", - деп билдирди мекеме өкүлү.