"Семетей" обсервациясындагы чыр-чатактагы көпчүлүк жарандар үй карантинине жөнөтүлөт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Семетей" обсервациясындагы кырдаалга байланыштуу Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келген жарандарды жашаган жери боюнча үй карантинине жиберүү чечими кабыл алынган.
"Жарандардын ичинен коронавирус аныкталган 43 бейтап менен жакын байланышта болгон 19 адам обсервацияда калат.
Медицина кызматкерлери аталган обсервацияда 22-майга чейин штаттык тартипте иштешет жана алардын иштөө мөөнөтү бүткөндө, башка жаңы топтогулар келет. Обсервацияга жооптуу дарыгер Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, 7-июнга чейин иш алып барат", - деп айтылат маалыматта.