Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда апрель айында коронавирус жуктурган медицина кызматкерлери көп катталгандыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүп, аймактык оорукананын башкы дарыгери Бактыгүл Алибаева кызмат ордунан бошотулган. Коронавирус илдетин жугузган медицина кызматкерлеринин аларга коргонуучу кийимдер берилбегени, шарт түзүлбөгөнү тууралуу арызданган видеосу социалдык тармактарга да тараган.
SUPER.KG порталы аталган медицина кызматкерлеринин бири менен байланышып, кандай оор шартта иштегендиги, коронавирус менен күрөшкөнү тууралуу маек курду. Каарманыбыз коронавирусту жеңгенине бир жарым айдан ашса да абалы толук жакшырып кетпегенин айтат.
"Алсырап, дем жетпей жатты"
- Көпчүлүк коронавирус жок, болбогон нерсени айтып жатасыңар деп ишенбей жатат. Мен башымдан өткөн окуянын мисалында бул кандай коркунучтуу жугуштуу оору экендигин айтып берейин. Мен 51 жаштамын, Ала-Бука аймактык ооруканасында иштегениме 30 жылдан ашты.
18-мартта Ала-Бука районунан кичи ажылыкка барган 9 адам Ак-Коргон айылына обсервацияга жаткан. Алардын 5өөнүн дене табы көтөрүлө бергендиктен Ала-Бука райондук аймактык ооруканага которушкан. Ошентип, оорукана 22-марттан тартып коронавирус илдети менен күрөшүүнү баштаган. Алгач бейтаптарга 5 адамдан турган бир группа кирген. Алар бир сутка иштеген соң эртеси, 23-мартта биз кирдик. Эки группа алмашып 24 сааттан апрелге чейин иштедик.
1-апрелден баштап мөөнөтүбүздү тапшырып обсервацияга кеттик. Ооруканадан кетип жатканда биринчи анализди тапшырганбыз. Анда баарыбыздыкы таза чыккан. Обсервацияда жатканыбызда кайра ПЦР анализ алышты. Анализи таза чыккандар 14 күндө обсервациядан чыгып кетишти. 4 кызматкердикин "аппарат бузулуп калды" деп кармап, 17 күн дегенде жыйынтыгын айтышты. Тилекке каршы, 2-анализибизден коронавирус чыгып калды. Менин дене табым көтөрүлүп, алсырап, дем алуум кыйындап баштады. Жанымдагылар менчелик оор абалда болгон жок. 3-ирет кайра анализ тапшырсак, коронавирус дагы тастыкталды. Ошентип, төртөөбүз 18-апрелде Ала-Бука аймактык ооруканага которулдук. Мен тамак жебей, абалым начарлап кетти, тамчылатма дары менен суюктук берип жатышты. Ооруканада 7 күн жасалма аба берчү аппаратка кошушту. Абалым оорлошуп, өлүп калат окшойм деген коркунуч болду. 2-3 күн жакындарым менен сүйлөшкөнгө алым келбей алсырап, дене табым түшпөй жаттым. Ошондо гана бул оору оюнчук эмес экенин жон терим менен түшүндүм. Ооруканадан таза болуп чыкканда деле абалым жакшы эмес болчу. Табитим тартпай, 14 күн үйдө обочолонуп жаттым. Азыр жумушка чыккам, бирок ден соолугум толугу менен калыбына келген жок. Бөйрөгүм ылдыйга тартып, белим ооруйт. Түз туруп иштөө кыйын болуп калды.
"Операцияга кийчү ак сурп, марлиден тигилген бет кап менен коргондук"
- Ала-Букада коронавирус жаңы катталганда бизге бир жолу 15 мүнөттө "форманы мындай киесиңер" деп көрсөтүп койду, болду. Ошол боюнча эле кеттик. Кооргоочу кийим бергиле десек, "оозуңарды жаап иштегиле" дешти. Хирургдар операцияга кийиш үчүн ак сурптан халат тиктирилген болчу. Бизге ошондон бирден берилди. Өзүбүз ичинен кийимдерибизди кийип, үстүнөн халатты кийип алчубуз. Бет капты болсо марлинин ичине пахта салып, тигип алдык. Аны бир жуусаң пахта жылышып, сүрүлүп кетет экен. Ал ыкма болбогон соң марлини эки каттап тигип, кийип жүрдүк. Респиратор бергиле десек, бирден берип, бир ай киесиңер дешти. Ал деле тез эле эзилип, жарактан чыкты. Ал эми башыбызга сурасак мага кичинекей үч бурчтук жоолук беришкен. Аны кийсем моюнум ачык болуп калат экен. Шейшепти айрып, ошону эле оронуп кийип жүрдүм. Бутубузга болсо узун байпактан кийип, үстүнөн резинка өтүк кийип алдык. Резинка өтүк тердетип, суу болуп кетет. Колубузга күнүнө бирден стерилдүү кол кап беришет. Бир сутка бою ачка жүрө албайсың да, тамактанганда аны чечип коюп, кайра кийип иштей бердик.
Нөөмөт тапшырганда формаларыбызды жууп коёбуз, бир күндөн кийин кайра иштегенде формаларыбыз кургабай, ным боюнча кийип алган учурлар болду. Ооруканада кызматыма байланыштуу бейтаптарга көбүрөөк кирген мен болдум окшойт.
Биз кайсы учурда ооруну арттырып алганыбызды билбей калдык. Бирок ушундай шартта иштегенибиз чындык. Бишкектен текшерүү келип, кызматкерлердин, бейтаптардын абалы менен таанышкан соң 24 саат иштөө кыйын экен деп алгач 12 саатка азайтышты. Кийинки келгенде 8 саатка жылдырышты. 3-группа иштегенде гана коргоочу кийимдер берилгенин уктук.
"Вирустун очогунда иштегенибиз үчүн 7000 сом кошумча айлык которулду"
- Эсептеп көрсөм, мен 23-мартта жумушка келип, ошону менен апрелдин аягында үйгө чыктым. Бир айдан ашык убакытта чоң сыноону баштан кечирдим десем болот. Кудайга шүгүр, дарыгерлердин жакшы көзөмөлү менен коронавирустан сакайып чыктым. Ал эми вирустун очогунда иштегендер үчүн төлөнчү кошумча акча боюнча, бизге 10 күн иштегенибиз үчүн 7 миң сом кошулуптур. Башка эч кандай акча колубузга тийген жок. Башка акча болобу, жокпу аны деле билбейбиз.