Вице-премьер: "Эл көп топтолуучу жайлар эң кеч иштеп баштайт" (видео, хронология)

Бүгүн, 29-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өлкөдөгү экономикалык абал тууралуу маалымат берди. Анда экономикалык ишмердүүлүктүн жандана турганын жана алардын иштөөсү тууралуу айтты.

2020-04-29 11:52:00

"Бала бакчалар жана мектептер 1-июнга чейин ишин жандантат".

2020-04-29 11:50:00

"Ишин кайра жанданта турган мекеме, ишканалардын иштөөсүн этапка бөлүп жатканыбыздын себеби бар. Эл көп топтолуучу жайлар акыркы этапта иштеп баштайт".

2020-04-29 11:46:00

"11-майдан тарта автобустар жана троллейбустар ишке чыгары күтүлүүдө. Ал эми маршруттук таксилер азырынча чыкпайт. Бул маселе кайра каралып чыгышы мүмкүн. 

Ал эми базарларга адамдардын топтолуусу көп болорун эске алып, базарлардагы иштерди жандантуу акыркы этапта каралат".

2020-04-29 11:43:00

"Насыялар боюнча жеңилдиктер берилет. Көптөгөн кайрылуулардын негизинде 3 айга пайыздык чен менен негизги сумманы узартып төлөө боюнча Улуттук банктын чечими чыкты".

2020-04-29 11:40:00

"11-майдан баштап жалпыга маалымдоо каражаттары, редакциялардын иштөөсүнө уруксат берилет. Буга чейинки тизмеде ЖМКлардын иштөөсү тууралуу айтылбай, кийинчерээк бул каралып чыкты", - деди Эркин Асрандиев.

2020-04-29 11:38:00

Суроо: "Кытайдан адистерди кантип алып келсек болот?".

Жооп: "Өкмөттүн чечими чыккан, чет өлкөдөн адистерди чакырсаңыздар тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылышыңыздар керек болот. Чет өлкөдөн келүүчү адистердин өлкөгө келүүсүнө атайын алгоритм түзүлгөн. Эгер Кытайдан келсе Эркештам аркылуу өлкө аймагына кире алат".

2020-04-29 11:36:00

Вице-премьер-министр: "Дүйнөдө мунайдын баасы төмөндөп кетти. Биздин өлкөдөгү мунай затка болгон бааны көзөмөлгө алууга аракет кылып жатабыз. Эки күн мурда мунай ташыгандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бүгүн, эртең мунай ташыгандар расмий билдирүү жасашат".

2020-04-29 11:34:00

"Ири жана чакан ишканаларга пайызсыз насыя берүү тууралуу маселе көтөрүлгөн. Бул боюнча Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Орусияга сунуш берилди".

2020-04-29 11:33:00

Эркин Асрандиев: “Акча каражаты катарында көрсөтүлгөн тышкы жардам жеӊилдетилген насыялар же тышкы карыздын эсебинен пайызсыз насыялар катары келүүдө. Алардын баарын кайтаруу зарыл”.

2020-04-29 11:31:00

"Бүгүнкү күндө бюджеттик чыгашаларды жабуу үчүн чет жактан каражаттарды алуу зарылчылыгы бар. Пандемиянын айынан чек аралар жабылды, бул бажы жана салыктар жактан биздин негизги кирешелерибизди кыскартты. Бүгүнкү күндө өлкөгө жалпы суммасы 120 миллион 800 миң долларга тышкы жардам келип түштү, бул каражат бюджеттин чыгашаларын жабууга багытталды.

Саламаттыкты сактоо министрлигине 700 миӊ доллар келген", - дейт вице-премьер.

2020-04-29 11:30:00

Эркин Асрандиев: "2020-жылга карата пландар боюнча 45-50 пайызга төмөндөө болду. Экинчи орунда – салык линиясы, бул да кыйыр түрдө чек аралардын жабылышына байланышкан. Импорт кыскарды, ал эми импорттун 70 пайызы Кытайдан келет, бул ички өндүрүшкө өтө таасирин тийгизет, анткени тийиштүү толуктоочу заттарды сатып алуу мүмкүн эмес. Экономикалык түшүүлөргө чектөө коюлуп жаткан салыктык жыйымдар төмөндөгөндүгүн белгилөө зарыл.

Мындан улам кирешелер боюнча көптөгөн жоготуулар болуп жатат. Алсак, бажы жана салык линиясы боюнча 10 миллиард сомго жакын акча алынган жок".

2020-04-29 11:29:00

"Пенсия, жөлөк пул жана эмгек акыга 7 жарым миллиард сом сарпталат. Жыл башынан бери катуу үнөмдөө жүрүүдө, сатып алуу, иш сапарлар жана башка чыгымдардын түрлөрү токтотулду", - дейт вице-премьер.

2020-04-29 11:25:00

Иштөөгө уруксат берилген жайлар 3 негизде каралды. Ага ылайык, эл көп топтолбой турган өндүрүш жана курулуш жайлардын ишмердүүлүгү эске алынды.

2020-04-29 11:19:00

Өткөрмө уруксат кагаздары мындан ары деле электрондук түрдө берилет.

2020-04-29 11:16:00

"Ишке чыга тургандарга өткөрмө уруксат кагазын берүүдө бир аз кечигүүлөр болсо, туура түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранам. Анткени уруксат кагазын берүүдө 10 оператор гана иштейт. Бүгүндөн баштап бул командага кошумча кызматкерлерди тартабыз. 

Кайрылуулар күнүнө миңден ашуусу мүмкүн. Биз тез арада кайрылууларды карап чыкканга аракет кылабыз", - деди Асрандиев.

2020-04-29 11:15:00

1-майда өндүрүш, курулуш тармагындагы жана соода-сатыктагы ишканалардын ишмердүүлүгү жанданат. Мындан тышкары такси кызматы дагы жанданат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tavanova.sarah
2020-04-29 11:27:37
Оштогу комендатка(брифинге) кантип байлынышып, кантип суроо берсе болот? Билгендер айтып койгулачы сураныч???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан