Мичиган штатында COVID-19'га каршы эмдөөдөн өткөндөн кийин 246 адам аталган илдетти жуктуруп алды

АКШнын Мичиган штатында коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөн кийин 246 адам аталган илдетти жуктуруп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Жазылган маалыматка караганда, январь айынан март айынын аягына чейин COVID-19'га каршы эмдөөдөн 1 миллион 700 миңге чукул адам өткөн. Алардын арасынан эмдөө алгандан 14 күн өткөн соң 246 адамдан илдет аныкталган.

Адистер эмдөө алгандан кийин эки аптанын ичинде иммунитет пайда болушу мүмкүндүгүн айтышууда. АКШда Pfizer, BioNTech жана Moderna вакциналары менен эмдөө жүргүзүлүүдө.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 30 миллион 846 миң 396 болду. 556 миң 509 адам каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан