Кытайдын тургундарына медициналык бет капты кем дегенде бир жыл бою тагынып жүрүү сунушталды. Жарандар бул эрежеге көнүшү керек дейт кытайлык эксперт Чжэн Боли. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Окумуштуу кытай бийлигинин коронавируска каршы күрөшүүсүнө байкоо салуу менен алектенет. Ал мекендештерине кайрылып, бет кап тагынып жүрүүнү жаңы эреже катары кабыл алуу керектигин айткан.
"Дагы бир жылга чейин бет кап тагынып жүрүшүбүз керек болот. Биз ага даяр болушубуз шарт. Вирустун жайылуусу токтогон жерде дагы бет капты массалык түрдө тагынуу кажет", - деген адис.
Кытайда коронавируска жалпысынан 82 миң 960 жаран кабылып, анын 78 миң 241и илдеттен арылса, 4 миң 634ү каза болгон. Бүгүнкү күндө 85 бейтап ооруканаларда калууда.