Эл көп топтолгон жерлерде, базарларда, соода борборлордо жана коомдук унааларда бет кап тагынбаган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
«Бүгүн, 25-майдан тарта экономиканын бир катар тармактарынын ишмердүүлүгү жанданып, шаар ичиндеги коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү ташый баштады. Буга байланыштуу шаар бийлиги, автотранспорт компанияларынын жетекчилери санитардык-дезинфекциялык чаралар боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштамаларын так аткарылышын көзөмөлдөөгө тийиш. Бет капсыз жүргөн жарандардын коронавирус инфекциясын жугузуу тобокелчилиги жогору. Ошондуктан, коомдук жайларда бет кап тагынуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл, бет капсыз жүргөндөргө мыйзам чегинде чара көрүлөт», - деп белгиледи биринчи вице-премьер.
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу, ал эми тармактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат беришти. Штабдын жыйында мамлекеттик органдарга жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына карата бекитилген алгоритмдин негизинде ишти күчөтүү милдеттендирилди.