Оренбург-Бишкек каттамына жасалма паспорт менен отурган аялга кылмыш иши козголду

Кечээ, 20-майда Оренбург-Бишкек чартердик каттамы менен өлкөгө 164 Кыргыз жараны алып келинген. Бул каттамга оорулуулар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, улгайган курактагылар, кош бойлуулар, балдары бар энелер жана хостелден чыгып кеткен жарандар отурган. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы маалымдагандай, учакка жасалма паспорт менен отурууга аракет кылган жана жарандыгы Орус болгон 2 киши отургузулган эмес.

"Учакка жасалма паспорт менен отурууга аракет кылган аял кармалып, ага карата кылмыш иши козголду. Мындан тышкары Орус жарандыгын алган эки мекендешибиз Бишкекке кайта алышкан жок.

Оренбург облусунун Бузулук районундагы кыргыздарды мекенге кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр улантылып жатат. Жакынкы аралыкта 400дөй жаранды автобус менен Бишкекке жеткирүү пландалууда", - деп кабарлайт маалымат катчы.

Элчиликтин алдында түзүлгөн штаб Казак-Орус чек арасы аркылуу өлкөгө кайтуу ниети барларга кайрылып, Оренбург облусуна барбоого чакырат.

"Метронун алдында Кыргыз өлкөсүнө кетүүчүлөрдүн тизмесине маалыматтарды киргизүү үчүн бланктарды сатууга аракет кылып жаткан шылуундар бар экенин эскертебиз. Бланктар акысыз берилет. Ошондой эле шылуундар социалдык тармак аркылуу "Домодедово" жана "Жуковский" аэропортторунан Бишкекке кетүүчүлөрдүн тизмеси түзүлүп жатканын жарыялоодо. Бул маалымат чындыкка дал келбейт", - деп кошумчалашты элчиликтен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан