Өткөн суткада пневмония жана COVID-19 илдети дагы 73 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек – 22;
Чүй облусу – 2;
Ош облусу – 15;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 7;
Ысык-Көл облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 19;
Баткен облусу – 5.
Бардыгы болуп бир сутка ичинде каза болгондор: 73
Республика боюнча аталган илдеттерден каза болгондордун жалпы саны 858ди түздү.
16-июлда вице-премьер Аида Исмаилова коронавирус жана пневмония боюнча статистика бириктириле турганын айткан, эртеси 17-июлдан тартып эки оорунун статистикасы чогуу бериле баштады.