Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны бүгүн, 21-майда 5 миллиондон ашты. Мындай статистикалык маалыматты АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университети жазып чыкты.
Ага ылайык, илдетти жуктургандардын жалпы саны 5 миллион 38ге жетип, анын 1 миллион 899 миң 350 бейтабы илдеттен арылды. Ал эми 328 миң 172 киши каза болду.
3-апрелде дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 1 миллиондон ашкан.