Дүйнө жүзүн каптаган коронавирустан жабыркагандардын саны 22-майга карата 5 миллиондон ашты. Анын арасынан 338 миң 121 адам көз жумду.
Дүйнөлүк статистикага таянсак, учурда коронавирус фронтунда иштеп, бейтаптардын өмүрү үчүн күрөшүп жаткандардын 70 пайызын аялдар түзөт. Арасында үй-бүлөсүн балдарын көрө электер, көрсө дагы аралыкты сактоо менен байланыш түзүүгө аргасыз болгондор миңдеп саналат. Социалдык тармактарда COVID-19га байланыштуу "аргасыз аралык" деген аталыштагы сүрөттөр топтомун чогулттук.