Чек арада ок жеп, оор абалда жаткан аскердин азыркы абалы айтылды

Бүгүн, 22-майда эки аскер кызматкеринин дарылануусу аяктап, алар Улуттук госпиталдан чыгарылган. Ал эми үчүнчү аскер аталган мекемеде дарылануусун улантууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

SUPER.KG порталынын аскердин абалы тууралуу берген суроосуна мекеме өкүлү төмөнкүдөй жооп узатты.

"19-майда академик Миталип Мамытовдун катышуусу менен Орусиянын Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунун адистери онлайн консилиум өткөргөндөн кийин жоокерди дарылоо ыкмасын өзгөртүү чечимин кабыл алышкан.

Учурда жоокердин абалы дарыгерлердин айтымында, канааттандырарлык туруктуу", - деп билдирди мекеме өкүлү.

Белгилей кетсек, учурда социалдык тармактын колдонуучулары жоокердин чет мамлекеттен дарыланып келүүсүн өкмөт чукул арада камсыз кылуусун айтып, билдирүү жасашууда.

"Баткенде ок жеген чек арачы жоокерди Москвада дарыланышын талап кылалы. Өкмөт тез арада аракет кылсын, баланын абалы оор", - деген таризде билдирүү калтырышкан активисттер.

Окуянын чоо-жайы:

8-майда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Жергиликтүү тургундардын жана расмий бийликтин билдиришинче, чыр жер тилкесин талашуудан чыккан жана аныгында талашка түшкөн жер тилкеси кыргыздарга тиешелүү болгон. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган.

Ок атышуунун кесепетинен Чек ара кызматынын 3 аскери жана 1 тургун жаракат алган. Ал 3 аскер кызматкери Бишкекке алып келинген. Чек ара чырында ок тийип жаракат алган С.уулу М. аттуу аскердин абалы оор экени айтылган.

Ал эми окуя боюнча эки өлкө тең бири-бирин күнөөлөп жатышат. Буга чейин Кыргыз өлкөсү чек арадагы чыр боюнча Тажикстанга каршылык билдирүү нотасын жөнөткөн. Тажикстан нотага жооп берген.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sezima93
2020-05-23 08:40:13
Канчадан бери ушул чек ара маселесин чече албай келишетго не кылып жатышат или ал жерди да сатып жиберип байкуш жоокерлер жем болуп жатышабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан