Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында чыр чыгып, ок атышуу орун алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"Баткен облусунун Чек аймагындагы 50 сотых жер тилкеси үчүн тургундар ортосунда пикир келишпестик орун алды. Аталган жер тилкеси изилденбеген аймакка кирет, бирок Кыргыз тарап бул участокту пайдаланып келет. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылды.
Окуянын курчуп кетпеши үчүн эки өлкөнүн чек арачылары асманга бир нече ирет ок чыгарышты. Абал турукташып, чек аранын аймагындагы жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бирок бул учурда Тажикстандын чек арачылары Кыргыз тарапка күтүүсүздөн миномёттук ок чыгарышты", - дешти маалымат кызматынан.
Учурда Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал оор деп бааланууда. Чырдын кесепетинен жабыркагандар бар же жок экени такталууда деп кошумчалашты Чек ара кызматынан.