Биз социалдык тармакта

ЖАМК 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган мурдагы прокурорго мунапыс берилди деген маалыматты четке какты

Кечээ, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралып, депутат Айнуру Алтыбаева Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевге карата "Коррупция" беренесин "Кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деп өзгөртүп, мунапыс берилгенин айткан болчу.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Арпачиевге карата козголгон кылмыш иштеринин беренелери өзгөргөнүн белгилеп: "Сот башка беренеге өтүп, ошону менен чечим чыгарган. Мындан улам мунапыс колдонулган", - деген.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бүгүн, 22-майда бул маалыматты четке какты. Мекеменин маалыматына ылайык, Арпачиев жаза мөөнөтүн өтөп бүтө элек.

"Кылычбек Арпачиев №45 жатак абагында жаза мөөнөтүп өтөп жатат. Ага карата мунапыс актысы болгон эмес. Анын жаза мөөнөтүнүн аякташына 3 жыл 29 күн калды", - деп билдиришти ЖАМКтан.

2015-жылдын 19-март күнү Коррупцияга каршы кызматына жеке ишкер кайрылган. Анда ал Башкы прокуратуранын кызматкери кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал 2016-жылы 14 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Asman779
2020-05-22 21:02:39
100 мин доллар эмне деген Акча, булар кудайдан коркпойбу.
+1
isarti
2020-05-22 21:23:29
Эми кимисине ишенебиз.
+1
Jelezo
2020-05-22 21:31:42
200миң менен кармалган 100миңин алып коюшкан окшойт
+1
Alixan-Nookat.2015
2020-05-22 22:58:12
Jelezo, кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң $ сураган, бирок 100 миң $ алып жатканда кармалган.
+1
Erik2018
2020-05-23 00:11:45
жалган экен го токтоткулачы акылдуу болгонду
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан