Биз социалдык тармакта

Башкы прокуратуранын мурдагы кызматкери Арпачиевге мунапыс берилгени айтылды

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралды. Анда депутат Айнуру Алтыбаева Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевге карата "Коррупция" беренесин "Кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деп өзгөртүп, мунапыс берилгенин айтты.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Арпачиевге карата козголгон кылмыш иштеринин беренелери өзгөргөнүн белгиледи. "Сот башка беренеге өтүп, ошону менен чечим чыгарган. Мындан улам мунапыс колдонулган", - деди ал.

2015-жылдын 19-март күнү Коррупцияга каршы кызматына жеке ишкер кайрылган. Анда ал Башкы прокуратуранын кызматкери кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал 2016-жылы 14 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KG-zigit
2020-05-21 15:47:51
Айран ичкен кутулат, челек жалаган тутулат деген соз бар илгертен.
Миллиондогон акча менен колго тушкондор 4-5жылда мунапыс менен бошой беришет, ал эми 1тоок урдаган бечара сот чыгарган чечимди толук отоп жазасын алууда
+9
futboler
2020-05-21 16:00:28
О..еть, кечирип койгула, башка сөз таба албадым.
+6
modem4999
2020-05-21 17:05:07
Кытайда атып салышат го бизде эркелетип чыгарып коюшуптурбу?
+4
Jelezo
2020-05-21 20:17:47
Чоң казаттын балдары безилдегенинче бар эми ошолорго асылып башташат.Кыргызстан ириңдеп толуп калды бир жарылса катуу жарылат.
+5
Alinur96kg
2020-05-21 20:30:15
Ана коррупция менен болгон курош айоосуз журуп жатат.
+3
Asman779
2020-05-21 20:35:37
Бет жок экен да соттордо, мыйзамдардын да жыртык тешиги коп экен, Аман эле болушсун
+3
Aimani
2020-05-21 21:24:02
Законду каалагандай кылып өзгөртүп коюш кеп бекен биздин сотторго
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан