SUPER.KG порталы Талас облусуна кире бериштеги блокпостто жарандар жөн гана тепловизор менен дене табын өлчөтүү үчүн 4 сааттан кезек күтүп жатышканын жазган. Анда жүз чакты киши кезекке топтолуп, кезек күткөндөр нааразычылыгын айтышкан болчу. Тургундар тескерисинче, блокпостто эл көп топтолуп жатканын, бир нече саат кезек күткөндөн кийин андагы кызматкерлер болгону тепловизор менен дене тапты өлчөп койгонун айтышкан. Арасында эмчектеги балалуу келиндер, кары-картаңдар, операциядан кийинки абалдагылар да бар экени белгиленген.
Бул боюнча тургундардын нааразычылык пикирине жооп алуу максатында өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматына кайрылдык. Өкүлчүлүктөн блокпостто жүргүзүлүп жаткан систем туура экендигин, аны өзгөртпөй турушканын айтты.
"Ооба, кезек күткөндөр боюнча маалымат туура эле. Анан эмне кылмак эле, кезек күтүп калышты деп өткөрүп жиберелиби? Ар бири текшерүүдөн өтөт, ошол үчүн бизде оору жок. Биз атайын түзүлгөн алгоритмге таянып иштейбиз, кимдир-бирөөгө оор болуп кетти деп ал алгоритмди өзгөртүп, облуска оору алып кире албайбыз.
Ал эми экспресс-тесттер баарынан алынбайт, адегенде адамды тепловизор менен дене табын өлчөп, кайсы бир шек жаралса тест, ПЦР анализ алынат. Бардык эле жерде алгоритм өзгөрүлгөндөн кийин өтүп жаткан ар бир адамдан тест алынбай калган, азыр негизинен чек арадан кирип-чыккандардан алынууда. Талды-Булакта андай эмес", - деди маалымат катчы.
"Тепловизор менен жүргүнчүнүн дене табын унаадан түшүрбөй, кезек күткөндөрдүн санын түзбөй эле өлчөсө болобу?", - деген суроого төмөндөгүдөй жооп берди.
"Эми ар бир облустун өзүнүн эреже-ыкмалары бар. Башка облустар ошентип текшерип жатышкандыр. Биз өзүбүздүн алгоритмди туура деп эсептейбиз", - деп кошумчалады өкүлчүлүктүн маалымат катчысы.