Обсервацияга өз ыктыяры менен барып иштеп жаткан 20 жаштагы медайым кыз көз жумду

Бишкектеги обсервациялардын биринде медайым катары иштеп жаткан студент кыз каза болуп калды. Бул тууралуу Данияр Амат аттуу дарыгер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Абдан өкүнүчтүү, жаш экен, энтузиазм жана мекен алдындагы милдет анын ишке чыгуусуна түрткү болгондур. Анан дагы обсервацияларда реанимациялык иш-чаралар үчүн шарт түзүлгөн эмес. Интубациялык мешоктор, амбулатордук каражаттар, ларингоскоп, шокко каршы аптечка да жок. Адамды сактап калуу үчүн негизги атрибуттар жок. Студенттер, ыктыярчыларды ишке чакыруу менен аларды отко салып беришти. Балким, аларды жок дегенде 2 апта окуудан өткөрүү керек эле. Юридикалык жактан көптөгөн суроолор жаралууда. Силер ата-энеңер үчүн жалгызсыңар, бул орду толгус жоготуу", - деген ал өз билдирүүсүндө.

SUPER.KG порталы окуянын күбөлөрүн тапты. Алардын бири атын атагысы келбеген жаран окуя анын көз алдында болгонун айтып берди.

"Бул кейиштүү окуя кечээ, 13-июлда Бишкектин борборунда жайгашкан, обсервация катары иштеп жаткан "Discovery" мейманканасында болгон. Каза болуп калган кыз болгону 20 жашта экен. Ал кыз нөөмөтүн аяктап, эс алууга кетиптир. Ал уктап жаткан керебетинен жерге кулап түшкөн. Ошондо анын эс-учун жоготконун билишиптир. Алгач обсервациядагы медициналык персонал жардам берүүгө аракет кылды. Мындан тышкары "Тез жардам" кызматы чакыртылган. Обсервациядагылар жеке унаа менен жандандыруу бөлүмүнө керектүү шаймандарды издеп кетишкенде, "Тез жардам" кызматы келди. Медиктер өмүрүн сактап калууга жан үрөп жатышты. Тилекке каршы, жаш кыз каза болуп калды. Менин айткым келгени, ал жакта жалаң жаштар иштейт экен. Жаштыгы менен көп нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алышат окшойт. Себеби жаш кызды жүрөгү кармап каза болду дешти", - дейт күбө.

Обсервацияга өз ыктыяры менен барып иштеп жаткан 20 жаштагы медайым кыз каза болду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Pchelka85
2020-07-14 10:46:38
Окунучтуу... ал да хотя бы так жардамым тийсин деп барган да... кудайым бейиштен орун берсин... он гулунун бир гулу ачыла эле... аттин..ай...
+39
Jaka78
2020-07-14 10:49:47
Өтө өкүнүчтүү
+19
I.m.Nuraly
2020-07-14 11:01:54
Уй-булосуно компенсация толоп бергиле. Бул да болсо бир чон жоготуу ар бир кыргыздын жаны алмашкыс!
+29
TIMON_BERKOWITZ
2020-07-14 11:29:30
Ата энесине терен таазим жана сабыр. Кызына кыргыз элини баатыры наамын бериш керек. Кыргыз элим деп оз жанын берген чыныгы патриот жаран болгон экен! Ыйлагым келип жатат..
+25
aza84
2020-07-14 11:36:25
Сороновирус
+5
PROS
2020-07-14 19:31:46
aza84,Бороновирус дагы бар)
+5
Paol
2020-07-14 11:50:43
Биз каяктан билели жүрөгү кармап каза болгонун тастыктап бергиле!А балким компенсация төлөбөш үчүн жүрөгү ооруп каза болду дегендир.Жакындарына сабыр тилейм!
+10
maks1980bishkek
2020-07-14 12:44:44
Paol,туура айтасың биздин өкмөттөн баарын күтсө болот.жүрөгү кармап дегени эмнеси.эптеп компенсация төлөбөштүн амалы
+6
tatynam_88
2020-07-14 12:25:17
Соороновирус!жанды кашайттынар го.Канырык тутойт ушу силердин былк этпеген дененерге,болк этпеген журогунорго!силерге жукса экен ушу вирус.душманга да тилебей отуратлем.куноосуз адамдар олуп кетип жатат.силерге тийсин ушу кыргын.
+5
Zhiidegul_Abdinazarova
2020-07-14 12:43:42
tatynam_88, президент эми Кыргызстандагы ар бир адамдын артынан көз салып жүрүшү керекпи? Ал да пенде анын да жүрөгү сыздап аткандыр. Элдин алдына чыгып мен да жаман болуп турам деп көз жашын төкмөк беле? Андай кылчу болсо анда дагы айтып чыгасыңар "эзилип бир эркектей эмес, дагы бир нерсе" деп укмуш "КООЗ" сөздөр менен жемелеп.
-6
Baktikan
2020-07-14 14:53:44
Zhiidegul_Abdinazarova,Tak oshol Prezident bash bolup baardik nerseni chechish kerek ele,el ozun ozu kamzis kilip jatishat
Kana Sooronbai ech nerse kolunan.kelbei olturat~kana tishki ichter ministrleri,bashka olkolor menen suylooshuu jurguzup baardik nerseler menen kamsiz kiluu kerek.ele
+5
tatynam_88
2020-07-14 15:03:19
Zhiidegul_Abdinazarova,ар бир адамга куйуп бышпаса нак жеп отурабы президент болуп.коп жиниме тийбегин.озу нерв болуп турганда
+3
kanu
2020-07-15 00:37:59
Zhiidegul_Abdinazarova,кошулам 100% созунузго
-1
serche
2020-07-14 12:43:02
Эки кабаттуу керебет окшойт да. Катуу куласа керек. Жаткан жери жайлуу болсун. Окунучтуу...
-6
katerina.li
2020-07-14 14:49:15
Журогу деп коюшат да. Эптеп куноону олгон адамга оодарып коюшат
+3
ruslanz
2020-07-14 17:15:19
Бир жерде журок, экинчисинде пневмония, учунчусундо ачка болгон дешет, кайсынысы чын.
+4
kelemdedin
2020-07-14 21:41:42
Аллахым кылган куноолорун кечирип бейиши кылган болсун ылайым.
+2
Bekovich76
2020-07-15 03:02:54
Коп жоготуу болуп атат шалапай окмот президент депутаттар баары кетиш кк жана жооб бериш кк акмактар
+1
Rayko.1606
2020-07-15 07:12:16
Окунучтуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан