Коронавирус пандемиясы дүйнөдөгү эң бай адамдардын байлыгын дагы өстүргөнгө жардам берди. Дүйнө жүзүндөгү эң бай 25 адам акыркы 2 айда жалпысынан 255 миллиард доллар киреше тапкан. Бул тууралуу "Forbes" басылмасы жазып чыкты.
Ага ылайык, пандемия учурунда эң көп кирешени "Facebook" компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг тапкан. Анын байлыгы пандемия учурунда 31 миллиард 400 миллион долларга көбөйүп, жалпы 86 миллиард 500 миллион долларга жеткен. Бул көрсөткүч менен Цукерберг дүйнөдөгү эң бай адамдардын ичинен жетинчи орундан төртүнчү орунга көтөрүлдү.
Ал эми дүйнөдөгү эң бай адам болгон "Amazon" компаниясынын ээси Жефф Безос пандемия учурунда 29 миллиард 900 миллион доллар киреше тапты. Азыр анын байлыгы 146 миллиард 900 миллион долларга бааланууда.
Үчүнчү орунга "Reliance Industries Limited" компаниясынын башчысы, индиялык Мукеш Амбани жайгашты. Ал март айынан бери өзүнүн байлыгын 20 миллиард долларга көбөйтүп, жалпы 52 миллиард 700 миллион долларга жеткирген. Муну менен Амбани Азия чөлкөмүндөгү эң бай адам болуп калды.
"Forbes" басылмасы жазгандай, азыркы учурда дүйнөдөгү эң бай 25 адамдын жалпы байлыгы 1 жарым триллион долларды түзөт.