Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 8 миң 338 адамдан аныкталды. 161 адам каза болсо, 11 миң 79 бейтап ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 2 миң 140;
Москва облусунда - 793;
Санкт-Петербург шаарында - 387;
Свердлов облусунда - 235 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусияда коронавирус инфекциясы жалпы 370 миң 680 адамдан аныкталды. 3 миң 968 адам каза болсо, 142 миң 208 бейтап айыгып чыкты.