Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 5 адам каза болду. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, сутка ичинде Бишкекте үч, Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда бирден бейтап коронавирустан каза болгон.
Бул көрсөткүч менен коронавирус жана пневмония оорусунан каза болгон адамдардын жалпы саны 1 миң 982ге жетти.