“Ош” эл аралык аэропортунда бүгүн, 30-майда “Урал авиа каттамдары” авиакомпаниясынын Екатеринбург-Ош рейси менен чартердик каттамын тосуп алышты, ал менен 233 Кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымат таратышты.
Бул каттам менен курч муктаждыгы бар жарандар: ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдеттери барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле, көрсөтүлгөн категориядагы адамдарда эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылбай калган "Урал авиа каттамдары" компаниясынын каттамдарына мурда сатып алынган авиабилеттердин бар экендиги эске алынган, алар эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылган эмес.
Азыркы учурда келген бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга (байкоо жүргүзүүгө) белгиленген тартипте жайгаштырылды.
Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз жарандарынын кайтып келиши боюнча иштер улантылат.