Нур-Султан шаарында санитардык талаптардын аткарылбаганынан улам кайрадан карантин жарыяланышы мүмкүн

Казакстандын Нур-Султан шаарында санитардык талаптар аткарылбай жатат. Мындан улам аталган шаарда күчөтүлгөн карантин жарыяланышы күтүлөт деп жазышат казак басылмалары.

Учурда санитардык талаптарды аткарбаган айрым курулуш компаниялары, дүкөндөр, ресторан, кафелер (тамак-аш жеткирүү үчүн гана) жана башка ишканалар жабылды. Эрежелерди аткарбаган мекемелердин иши санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууну күчөткөндө гана кайра жанданат.

Нур-Султан шаарынын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Сауле Кисикова жарандар бул илдетке кайдыгер мамиле кылып жатат деген. "Бет кап тагынып жүрүү режими бардык жерде сакталышы керек. Бирок жарандар кош көңүл мамиле кылышууда. Эгер кимдир бирөөлөр санитардык талаптарды аткарбаса, шаарда кайрадан күчөтүлгөн карантин жарыяланат. Мурдагыдай жай турмушка кайтуу өзүбүздүн гана колубузда", - деген ал.

Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны жалпы 6 миң 157ге жетти. Анын 3 миң 256сы илдеттен арылса, 34ү каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан