Ар бир коомдук тамактануучу жайга кире бериш жерге санитайзер орнотулуп, кардар кирип бара жатканда анын дене табын өлчөө кажет. Бул тууралуу кечээ, 30-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы коомдук тамактануучу жайлардагы санитардык нормаларды текшерүүгө алган учурда билдирген. Маалыматты Ош шаардык мэриясынан билдиришип, алдыда ашкана, кафе, коомдук тамактануучу жайларга карата текшерүү күчөтүлө турганын белгилеген.
"Белгиленген нормаларга ылайык, коомдук тамактануучу жайлар 50дөн ашпаган адамды гана киргизиши керек. Андагы коноктор отурган столдордун аралыгы 1 жарым метр аралыкты сактоосу зарыл. Коомдук тамактануучу жайлардын ар бир кызматкери медициналык бет кап, кол кап менен жүрүүгө милдеттүү. Алардын колунда калктын саламаттыгы турганын түшүнүп, жоопкерчиликти сезиши абзел", - деген Сарыбашов.
Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым коомдук тамактануучу жайлардын администрациясына эскертүүлөр берилсе, кээ бирине айып салынган. Шаардагы мындай жайларды текшерүү улантыларын мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.