Бүгүн, 22-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 97 миллион 460 миң 188 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 53 миллион 691 миң 678 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 88 миң 392 (+14526) адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 24 миллион 619 миң 597 болду. 409 миң 877 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 610 миң 883 адамдан аныкталды. 152 миң 869 адам каза болсо, 10 миллион 265 миң 706 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.