Нью-Йоркто Квинс музейинен анча алыс эмес жерде жайгашкан унаа токтотуучу жайда жүзү көрүнбөгөн, бирок бет капчан медицина кызматкеринин чоң сүрөтү пайда болду. Бул жөнүндө чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Анда жазылган маалыматка ылайык, сүрөт коронавирус илдетинин кесепетинен каза болгон адамдардын жаркын элесине арналат. Сүрөттүн автору теги кубалык болгон Хорхе Родригез-Герада. Ал жакында бул ишин аягына чыгарын маалымдаган.
Сүрөтчү бул эмгегин "Somos La Luz" деп атаган. Испанчадан которгондо бул "Биз - жарыкпыз" дегенди туюнтат.
"Мен жакындарын жоготкондор үчүн кайгыруу жана түшүнүү мейкиндигин түзгүм келди" деген ал өз иши тууралуу айтып жатып.
Сүрөт ушунчалык чоң болгондуктан, аны спутниктен дагы көрүүгө болот. "Бул жер оор кырдаалда биз кайрадан ошол жерде болуп, улуттук биримдигибизди сезе алабыз" деп кошумчалаган ал.
Родригез-Герада Нью-Йорктун ушул районун тандап алганын бул жерде латын-америкалыктар жана африкалык-америкалыктар көп жашагандыгын, алардын арасында коронавирустан каза болгондордун саны көп болгондугу менен түшүндүргөн.
Коронавирус жуктургандардын саны боюнча АКШ дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат. Анда 1 миллион 789 миң 368 адам аталган илдет менен катталса, арасынан 444 миң 758 адам сакайып, 104 миң 357 бейтап каза болгон.